super.kg logo

Президенттик администрация "Асман" шаарын куруу боюнча дирекцияны Тимур Файзиев жетектей турганын ырастады

 


Ишкер Тимур Файзиев Ысык-Көлгө курулуучу экологиялык "Асман" шаарын куруу долбоорун жетектей турганын билдирген. Президенттик администрациядан маалыматты ырастап, Тимур Файзиев "Асман" мамлекеттик дирекциясынын башкы директору болуп дайындалган дешти.

"Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон буйрукка ылайык, Тимур Файзиев "Асман" экологиялык шаарын куруу боюнча мамлекеттик дирекциянын башкы директору болуп дайындалды", - дешти маалымат кызматынан.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын жаз мезгилинде Ысык-Көл облусуна экологиялык "Асман" шаары курулары кабарланган. Аталган шаарды куруу долбоорун ишкер Тимур Файзиев жетектей турганын жазып чыккан.

Тимур Файзиев коррупцияга, Бишкек шаарында жер тилкелерин алууга жана мыйзамсыз курулуштарга катыштыгы бар деп шектелген. 2021-жылы 27-майда Биринчи Май райондук соту Тимур Файзиевге карата сырттан камакка алуу чечимин чыгарган.

Андан кийин Аскер прокуратурасы Тимур Файзиевге издөө жарыялаган. Кийинчерээк, ишкер өлкөдөн сыртка чыгып кайра кайтып келгени кабарланган. Андан соң Башкы прокуратура Тимур Файзиевдин баш коргоо чарасын өзгөрткөн.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: