super.kg logo

ИИМ: "Милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту камсыздоону улантышууда"

 

Жаңы жылдык майрамдарга байланыштуу эс алуу күндөрүндө Ички иштер министрлиги коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун сактоо боюнча бардык зарыл болгон чараларды көрүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өзгөчө маанилүү, стратегиялык жана кайтарууга алынган тиричиликти камсыздоочу объектилерди коргоо камсыздалган.

"Негизги майрамдык иш-чараларда тартипти камсыздоодо коопсуздуктун бардык деңгээлин эске алуу - жакын жердеги турак жай секторунда, массалык иш-чаралар өтүүчү жайларда мыйзамдуулуктун жана тартиптин абалына көзөмөл кылуу болгон. Кайгуул милициясынын посттору майрамдык иш-чаралар өтө турган жайларга жакын жерлерге жайгаштырылды. Милициянын нөөмөт бөлүмдөрүндө, ыкчам тергөө топторунун күнү-түнү нөөмөттө болуулары уюштурулган. Коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоого көмөк көрсөтүү үчүн укук коргоо багытындагы коомдук түзүмдөр, ыктыярдуу элдик кошуундар тартылган", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: