Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү өткөн суткада канча метр кубду түздү?
5-январга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 миллиард 16 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан кабарлашты.
"5-январга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 миллиард 16 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 164 метр куб, агып чыгышы 456 метр кубду түзүүдө", - деп билдиришти мекемеден.
Былтыр, 2021-жылдын 5-январына Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 12 миллиард 44 миллион метр кубду түзгөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:35
2025-07-23
Рейтинг:
0

Бир саатта 292*60=17520м куб
Бир суткада 17520*24=420480м куб
Бир айда 420480*30=12614400м куб. Ошондо бир айга да жетпейт го 10млрд куб суу