super.kg logo

Кытайдын төрагасы Садыр Жапаровго дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата куттуктоо катын жолдоду

 

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин президент Садыр Жапаровго эки өлкө ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата куттуктоо катын жолдоду. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

“Кытай Эл Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгына байланыштуу Кытай Өкмөтүнүн жана элинин атынан, ошондой эле жеке өзүмдүн атымдан сизге жана дос кыргыз элине чын жүрөктөн куттуктоомду жана жакшы каалоолорумду жолдойм.

Өз ара урмат-сый, теңчилик, өз ара пайдалуу кызматташтык орнотулгандан берки 30 жылдын ичинде алар эки тараптуу мамилелердин секириктүү өнүгүшүнө өбөлгө болуп, ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн жаңы деңгээлине чыгып жана дүйнөлүк коомчулук үчүн жаңы типтеги мамлекеттер аралык мамилелердин үлгүсү болууда.

Кытай-кыргыз мамилелеринин өнүгүшү биздин өлкөлөргө жана өлкөлөрүбүздүн элдерине гана пайда алып келбестен, Борбордук Азия чөлкөмүндө тынчтыкты жана туруктуулукту сактоого да салым кошууда.

Мен кытай-кыргыз мамилелерин өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурам, дипломатиялык мамилелердин орнотулганынын 30 жылдыгынын жаңы башталышына таянуу менен сиз менен тыгыз байланышта болууга, эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өз ара ишенимди арттырууга, “Бир алкак, бир жол” демилгесинин биргелешкен курулушунун алкагында кызматташтыкты тереңдетүүгө жана ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн кытай-кыргыз мамилелерин жаңы баскычка жылдырууга даярмын”, - деп айтылат кайрылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: