Садыр Жапаров Казакстандагы абалга көз салууда
Президент Садыр Жапаров Казакстандагы массалык башаламандыкка көз салууда. Бул туурасында президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
"Өлкө жетекчилиги боордош Казакстандагы кырдаалга көз салып турат. Кыргыз тарап жалпы казак элинин жыргалчылыгына жана өлкө келечегине багытталган туура жана алгылыктуу чечим табыларына ишенет", - деди маалымат катчы.
Белгилей кетсек, Казакстанда 1-январдан тарта газдын кымбатташы себептүү нааразычылык акциясы башталып, 4-январда митинг курчуп, өлкөдө башаламандык орун алды. Бүгүн, 5-январда казак өкмөтү отставкага кетти. Бирок эл дагы деле тынчтана элек, башаламандык дагы деле уланып, бир катар имараттарды басып алды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:35
2025-07-23
Рейтинг:
-1

Аларда го эми газдын баасын 2 эсе которуптур. А бизде бензин, азык-тулук, ктйим-кеченин баасы 2 эсе которулгону качан...
Казахстандагы окуя Кыргызстанда да уланбайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Эч ким!