Кыргыз-Кытай дипломатиялык мамилесине 30 жыл. Президент бул аралыкта олуттуу ийгиликтерге жетишүү болгонун айтты









Бүгүн, 5-январда Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз Республикасы менен Кытайдын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
Иш-чарага мамлекеттик органдардын, жарандык сектордун, дипломатиялык корпустун, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле маданият, искусство ишмерлери жана башкалар катышканын президенттик администрациядан билдиришти.
Салтанаттын меймандарына кыргыз-кытай ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк жана кызматташтык мамилелеринин өнүгүшү тууралуу видеоролик көрсөтүлдү.
Президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, анда акыркы 30 жыл ичинде эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоо жана көп кырдуу өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүдө олуттуу ийгиликтерге жетишкенин белгиледи.
Мамлекет башчысы ишке ашырылып жаткан эң маанилүү эки тараптуу долбоорлорго токтолуп, ошондой эле 2022-жылга карата ар кыл чөйрөдө келечектүү биргелешкен пландарды белгиледи. Салтанаттуу иш-чара концерттик программа менен уланды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:35
2025-07-23
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.