super.kg logo

Казакстандагы башаламандык Кыргыз өлкөсүндөгү азык-түлүктүн кымбатташына таасир этеби? Президенттик администрациянын жообу

 

"Казакстандагы акыркы кырдаал Кыргыз өлкөсүнө да таасир этет, тагыраагы, азык-түлүктүн баасы жогорулайт" деген кептер коомчулукта талкуулана баштады. Мындай божомолдорго президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев жооп берди.

"Казакстандан келген азык-түлүк кымбаттап кетет деген кооптонуудан улам учурда Кыргыз-Казак мамлекеттик чек арасы аркылуу өтүү, анын ичинде жүктөрдү өткөрүү штаттык режимде жүргүзүлүп жатканын маалымдайбыз.
Эки тарап тең буга чейин коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү чараларына байланыштуу киргизилген чектөөлөрдөн тышкары эч кандай кошумча чектөөлөрдү киргизген жок", - деп билдирди ал.

Митинг тууралуу кыскача:

Казакстанда 1-январдан тарта газдын кымбатташы себептүү нааразычылык акциясы башталып, 4-январда митинг курчуп, өлкөдө башаламандык орун алды. Бүгүн, 5-январда казак өкмөтү отставкага кетти. Бирок эл дагы деле тынчтана элек, башаламандык уланып, демонстранттар бир катар имараттарды басып алышты.

Ал арада президент Касым-Жомарт Токаев кайрылуу жасап, кагалышууда жабыркагандар, каза болгондор бар экенин айтып, аскер кызматкерлерине, укук коргоочуларга ыраазычылыгын билдирди. Ал мындай кырдаалда өлкөдөн тышкары чыкпай турганын, эл ага колдоо көрсөтөрүнө ишенерин белгиледи.

Абал курчуганына байланыштуу Нурсултан Назарбаевдин кызы менен күйөө баласы дагы өлкөдөн чыкканы айтылды. Ал эми тунгуч президент өзү чет өлкөгө дарылануу үчүн чыгып кетүүгө даяр экени кабарланды. Андан кийин Казакстан боюнча өзгөчө абал жарыяланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: