super.kg logo

"Манас" аэропорту Казакстандан учактар келбегенин маалымдады

 
Казакстандагы туруксуз кырдаалга байланыштуу жеке менчик учактар өлкө аймагынан сырткары учууда. Айрым казак басылмаларынын маалыматында учактар Европа мамлекеттерине, Орусияга, Кыргыз өлкөсүнө дагы учканын жазышты. Жеке менчик учактардын учуп келүүсү боюнча "Манас" эл аралык аэропорту төмөндөгүлөрдү билдирет.
"Урматтуу достор, кесиптештер жана боордош Казак жарандары! "Манас" эл аралык аэропортуна Казакстандан жеке учактар ​​келди деген маалымат чындыкка дал келбейт. Ушул убакка чейин Казакстандан Бишкекке учак конуу үчүн өтүнүч же кайрылуу болгон жок.
Бүгүн, 5-январда гана Алматыдан бош "Tez Jet" учагы келди, ал буга чейин Ош-Алматы багытында чартердик каттам аткарган.
Үзгүлтүксүз каттамдардан "Эйр Астана" авиакомпаниясынын бүгүнкү Алматы-Бишкек-Алматы каттамы токтотулган", - дешти маалымат кызматынан.

Митинг тууралуу кыскача:

Казакстанда 1-январдан тарта газдын кымбатташы себептүү нааразычылык акциясы башталып, 4-январда митинг курчуп, өлкөдө башаламандык орун алды. Бүгүн, 5-январда казак өкмөтү отставкага кетти. Бирок эл дагы деле тынчтана элек, башаламандык уланып, демонстранттар бир катар имараттарды басып алышты.

Ал арада президент Касым-Жомарт Токаев кайрылуу жасап, кагылышууда жабыркагандар, каза болгондор бар экенин айтып, аскер кызматкерлерине, укук коргоочуларга ыраазычылыгын билдирди. Ал мындай кырдаалда өлкөдөн тышкары чыкпай турганын, эл ага колдоо көрсөтөрүнө ишенерин белгиледи.

Абал курчуганына байланыштуу Нурсултан Назарбаевдин кызы менен күйөө баласы дагы өлкөдөн чыкканы айтылды. Ал эми тунгуч президент өзү чет өлкөгө дарылануу үчүн чыгып кетүүгө даяр экени кабарланды. Андан кийин Казакстан боюнча өзгөчө абал жарыяланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: