super.kg logo

Казакстандагы кыргыздар чек арадан тоскоолдуксуз өтө алышарын министрлик кабарлайт

 

Казакстанда жашап, иштеген Кыргыз жарандары өлкөгө эч кандай тоскоолдуксуз кайтып келе алышат. Бул туурасында Тышкы иштер министрлигинен маалымдашты.

Мекеменин билдирүүсүндө кыргыздар Кыргыз-Казак мамлекеттик чек арасынан эч тоскоолдуксуз өтө алары айтылат.

Буга чейин тышкы саясий ведомство Казакстандагы кырдаалга кылдаттык жана тынчсыздануу менен көз салып турганын кабарлаган. Анда Кыргыз өлкөсү бир тууган Казакстандын жанында болгон жана ошол бойдон кала берери маалымдалат.

Митинг тууралуу кыскача:

Казакстанда 1-январдан тарта газдын кымбатташы себептүү нааразычылык акциясы башталып, 4-январда митинг курчуп, өлкөдө башаламандык орун алды. Бүгүн, 5-январда казак өкмөтү отставкага кетти. Бирок эл дагы деле тынчтана элек, башаламандык уланып, демонстранттар бир катар имараттарды басып алышты.

Ал арада президент Касым-Жомарт Токаев кайрылуу жасап, кагылышууда жабыркагандар, каза болгондор бар экенин айтып, аскер кызматкерлерине, укук коргоочуларга ыраазычылыгын билдирди. Ал мындай кырдаалда өлкөдөн тышкары чыкпай турганын, эл ага колдоо көрсөтөрүнө ишенерин белгиледи.

Абал курчуганына байланыштуу Нурсултан Назарбаевдин кызы менен күйөө баласы дагы өлкөдөн чыкканы айтылды. Ал эми тунгуч президент өзү чет өлкөгө дарылануу үчүн чыгып кетүүгө даяр экени кабарланды. Андан кийин Казакстан боюнча өзгөчө абал жарыяланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: