super.kg logo

Казакстандагы кырдаал: Акылбек Жапаров баштаган министрлер кабинети бир нече чечим кабыл алды. Кандай чечимдер?

 

Бүгүн, 6-январда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин чукул жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жыйындын жүрүшүндө Казакстандын жалпы аймагында чыңалуунун күчөшү жана өзгөчө кырдаалдын киргизилишине байланыштуу өлкөдө түзүлгөн учурдагы коомдук-саясий абал талкууланды.

"Министрлер кабинетинин төрагасы кыргыз-казак чек арасындагы абал жана Кыргыз өлкөсүнүн аймагына кылмыштуу элементтердин жана курал-жарактардын кирүү коркунучу ыктымалдыгы боюнча күч ведомстволорунун жетекчилеринин баяндамаларын укту. Ошондой эле финансы-экономикалык блоктун министрликтерине республиканын банк тутумунун үзгүлтүксүз ишин, ошондой эле азык-түлүк, отун коопсуздугун камсыздоо боюнча тийиштүү чараларды кабыл алуусу боюнча тапшырмалар берилди", - деп жазылат билдирүүдө.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдиргендей, мамлекет башчынын жана Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюму (ЖККУ) Кеңешинин чечимине ылайык, Кыргыз Республикасы Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаевдин кайрылуусуна байланыштуу бир тууган Казакстанга колдон келген колдоо көрсөтүүгө жана ЖККУ алкагындагы өзүнүн союздук милдеттенмелерин тийиштүү деңгээлде аткарууга даяр экендигин тастыктайт.

Министрлер кабинети тарабынан президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын алкагында бүгүн түштөн кийин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин чукул жыйынын өткөрүүнү демилгелөө чечими кабыл алынды.

Жогорку Кеңештин жыйынында баяндамачы катары Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев дайындалды. Ошондой эле ага Казакстан Республикасындагы окуялардын өнүгүүсүнө реакция кылуу боюнча өкмөттүк штабды ыкчам жетектөө милдети жүктөлдү.

Министрлер кабинетинин мүчөлөрү ошондой эле башка бир катар маселелерди талкуулап, чечимдерди кабыл алды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
06.01.2022. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кыргыз аскерлерин киргизбегиле Казакстанга,казак туугандар капа болушат, өздөрү чечишет бизге деле аралашкан эмес алар
06.01.2022. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Крда митинг болгондо алар мындай чечимдерди алыш эмес, чогулуп койбогонго)). Подхалимдер!!!
07.01.2022. 02:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизде андай жанжал болгондо алар границаны жаап салчу жардам бермек тугул
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: