Ооруп жатканы маалымдалган Камчыбек Ташиев жыйынга катышты
Пневмония менен ооруп жатканы маалымдалган УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Казакстандагы кырдаал боюнча парламентте баяндама жасайт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы тараткан маалыматта айтылат.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 6-январда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин чукул жыйынын өткөрдү. Анда Казакстандагы чыңалуунун күчөшү жана өзгөчө кырдаалдын киргизилишине байланыштуу өлкөдө түзүлгөн учурдагы коомдук-саясий абал талкууланган. Ошондой эле кыргыз-казак чек арасындагы абал жана Кыргыз өлкөсүнүн аймагына кылмыштуу элементтердин жана курал-жарактардын кирүү коркунучу ыктымалдыгы боюнча күч ведомстволорунун жетекчилери баяндама жасаган.
Соңунда Жогорку Кеңештин чукул жыйынын өткөрүү демилгеленип, анда Камчыбек Ташиев баяндамачы болуп дайындалган. Ошондой эле ага Казакстандагы окуялардын өнүгүүсүнө реакция кылуу боюнча өкмөттүк штабды ыкчам жетектөө милдети жүктөлгөн.
Ал эми Жогорку Кеңештин жыйыны кворум жоктугуна байланыштуу 7-январга жылдырылды.








1 |