super.kg logo

Казакстанга кыргыз аскерлерин жөнөтүү боюнча айрым эл өкүлдөрүнүн пикири

 

Бүгүн, 6-январда өкмөт үйүнүн алдында митинг өттү. Анда чыккандар Казакстанга кыргыз аскерлерин жөнөтүүгө каршы пикирлерин билдиришти.

Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынына келген айрым депутаттар дагы кыргыз аскерлерин коңшу өлкөгө жиберүү тууралуу пикирлерин айтышты.

Депутат Эрулан Кокуловдун айтымында, бул боюнча позициясын Жогорку Кеңештин жыйынында гана айтат.

"Жогорудагы маселе боюнча позициям бар, бирок азыр айта албайм. Жогорку Кеңеште маселе каралсын, ошол жерде позициямды айтам", - деди Эрулан Кокулов.

Министрлер кабинетинин орун басары Эдил Байсалов казак элинин кыргыз элине боордоштугун, жакындыгын айтып өттү.

"Казак эли менен өтө жакын мамиледебиз. Боордошпуз. Бардык жактан алып караганда кыргыздарга казактардан өткөн жакын өлкө жок. Ал жактагы окуялардын курчуп кеткени, көптөгөн курмандыктар мунун баары ар бир кыргыздын, анын ичинде министрлер кабинетинин өкүлдөрүнүн жүрөгү ооруп турат.

Эгер мыйзамга ылайык Жогорку Кеңеш аскерлер жөнөтүү тууралуу чечим кабыл алса деле, алар казак эли менен кагылышпайт", - дейт Эдил Байсалов.

Жогорку Кеңештин депутаты Эльмурза Сатыбалдиев кыргыз аскерлерин коңшу өлкөгө жөнөтүүгө каршы экендигин билдирди.

"Мен аскер күчтөрүн жөнөтүүгө каршымын. Анткени бул Казакстандын ички маселеси. Эгер сырткы чөйрөдөн таасир болсо, анда башка кеп эле.

Муну менен колубузду куушуруп отура бергенибиз дагы туура эмес. Алар биздин коңшубуз. Албетте, гуманитардык жардам беришибиз керек", - деп билдирди Сатыбалдиев.

Казакстанда орун алып жаткан кырдаалга байланыштуу Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны эртең, 7-январга жылдырылды. Ал эми президент маалымат катчысы Жогорку Кеңеш кыргыз аскерлерин Казакстанга жөнөтүүгө макулдук берсе, алар тынчтыкты орнотууга гана колдонуларын айтып чыкты.

Эске салсак, Казакстанда 1-январдан тарта газдын кымбатташы себептүү нааразычылык акциясы башталып, 4-январда митинг курчуп, өлкөдө баш аламандык орун алган. 5-январда Казак өкмөтү отставкага кетти. Бирок эл дагы деле тынчтана элек.









 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
06.01.2022. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Байсалов жеткен кошоматчы экен
06.01.2022. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Эльмурза туура жана так айтты
06.01.2022. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Оңго кетсең ат өлөт, солго кетсе өзүң өлөсүң, болуп турат биздин бийликте
06.01.2022. 19:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Эруландын өзүнүн позициясын айтууга кудурети жок экенин билдиңерби? Болду эми башканы үмүт кылбай эле койгула. ЖКнын жыйынында шефинен сурап анан айтат айта турганын
nargiz-sa түзөттү 2022-01-06 19:02:17
06.01.2022. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бийликтин дакансаларына Супердин Казахстандагы ситуацияны талкууга койгону жага бербей асылып жатышат...))
06.01.2022. 19:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Садыр Жапаров, Акылбек Жапаров, Эдилбек Байсалов... Ушунча да окшош, пикирлеш адамдардын бийлик башына топтолуп калганын карачы...
06.01.2022. 19:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Аскер берсе болот,стратегиялык объектилерин нейтралдуу коргоп бергени.ичине да кирбей,башка бирөөнү да киргизбей.
Же врачтардан атыйын топ түзүп,гуманитардык жардам менен медициналык жардам гана бериш керек.+ качкындарга лагерь.Башкасы ашыкча болот.
06.01.2022. 20:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Негизи боордошторубуз тынч болгону жакшы,Кыргызстандын негизги коридору Казакстан.биздин экономикабызга түздөн түз таасир этип калат эгер тез арада стабилдүүлүк орнобосо.
06.01.2022. 20:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байкуш дакансалар. Шефинин созун суйлоп... Стабилдуулук качан орносо да оздору билет. Оз эли, оз жеринде казактар... Биздин Кыргызстанга келип тополон кылышкан жери жок. Казахстандын тагдырын чече турган силер да эмессинер, Жапаров менен Ташиевдин дакансалары.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: