super.kg logo

Өлкөдө ундун канча айлык запасы бар экени айтылды

 

Бүгүн, 6-январда ири соода түйүндөрүндө социалдык маанидеги товарлардын баасын негизсиз жогорулатууга жол бербөө максатында жумушчу кеңешме өттү. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинен билдиришти.

Ага Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Кеңешбай Тайлаков, бир нече соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү жана ун тартуучу ишканаларынын ассоциациясынын төрагасы катышты.

Жыйындын жүрүшүндө соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү кампаларда социалдык маанилүү товарлардын запасы жетиштүү экенин, жеткирүүчүлөр менен эч кандай кечигүү болбогонун белгилешти.

Мындан тышкары ун тартуучу ишканаларынын ассоциациясынын төрагасы Рустам Жунушев бирикмеге кирген ишканаларда дандын жана ундун 2 айлык запасы бар экенин айтты. Ошондой эле түзүлгөн келишимдер боюнча январь айында Орусия Федерациясынан 30-40 миң тонна эгиндин келиши күтүлүүдө.

Жыйындын жыйынтыгында өзгөчө социалдык мааниге ээ товарларга карата иштөөнү улантуу жана социалдык багыттагы баа саясатын камсыз кылуу жана колдоо, ошондой эле социалдык маанилүү товарлардын зарыл запастарына ээ болуу боюнча иштерди жүргүзүү сунушталды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: