super.kg logo

Ноокатта аппак сүттөй болуп аккан суу боюнча министрлик териштирүү жүргүздү

 

Буга чейин SUPER.KG порталына Ош облусунун Ноокат районунун тургуну кайрылып, ичүүчү суунун тазалыгына кабатыр болуп жатканын айткан. Тагыраагы, "ичүүчү суу алган дарыя аппак сүттөй болуп агып жатат" деп видеосун дагы жөнөткөн.

Мамлекеттик экологиялык жана техникалык инспекциядан бул маалымат териштирилгенин, баалуу таштардын майдаланган күкүмдөрү дарыяга кошулуп кеткенин кабарлады.

"Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин адистери Ош облусунун Ноокат районундагы Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн Арал айылынан агып өтүүчү Кыргыз-Ата суусун карап, тактоо иштерин жүргүзүшкөн. Анда "Мрамор-Стоун" жоопкерчилиги чектелген коому баалуу таштарды (ракушник) кесип иш жүргүзүп, таштын күкүмдөрү дарыянын жээгинде топтолгондугу аныкталды.

Белгисиз себептерден улам таштын майдаланган күкүмдөрү дарыяга кошулуп, суунун өңү ак болуп, жергиликтүү жашоочулардын кооптонуусун жараткан. Бирок инспекторлор барган учурда суунун өңү тазарып, кирдеген суунун акканы аныкталган эмес. Натыйжада инспекторлор тарабынан агын суунун курамында химиялык кошулманын бар, жогун аныктоо максатында үлгүлөр алынды жана азыркы учурда лабораториялык изилдөөлөр жүргүзүлүп жатат.

Мындан сырткары жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда айыл тургундарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жогоруда белгиленген ишкана боюнча толук маалыматтар алынды жана жакынкы учурларда текшерүүлөрдү жүргүзүп кошумча маалыматтар берилет", - дешти мекемеден.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
06.01.2022. 18:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Штраф салгыла милион ошолкуну барышы керек эле кеч реяксия кылыпсынарда
06.01.2022. 19:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эхх көрөөр күнүң көп экен кыргызым.Бул кабар чыкканына 1 жума болуп калды а БУЛАРдыкы эми лабораторияга жиберилди.Начар абдан начарда биздикилер
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: