super.kg logo

Кыргыз-Казак чек арасындагы "Кең-Булуң автожол" өткөрмө жайы убактылуу жабылды

 

Чүй облусундагы Кыргыз-Казак мамлекеттик чек ара аймагындагы "Кең-Булуң автожол" жана "Токмок-автожол" өткөрүү жайлары убактылуу жабылды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан маалымдашты.

Маалыматта жазылгандай, Казакстандын Бирдиктүү маалымат тутуму иштебей жаткандыгына байланыштуу бүгүндөн баштап аталган өткөрүү жайлары жарандарды жана транспорт каражаттарын өткөрүүнү убактылуу токтотту.

"Кыргыз-Казак мамлекеттик чек ара аймагындагы калган өткөрүү жайлары, тактап айтканда Чүй облусунда "Ак-Тилек-автожол", "Ак-Жол-автожол", "Чалдыбар-автожол" өткөрүү жайлары Талас облусунда "Чоң-Капка-автожол" жана Ысык-Көл облусунда "Каркыра-автожол" өткөрүү жайлары COVID-19га байланыштуу болгон чектөөлөрдү эске алуу менен штаттык режимде иштеп жатышат.

Казакстандын чек арасындагы өткөрүү жайларда жарандардын жана транспорт каражаттарынын тыгыны байкалган жок", - деп жазылат Чек ара кызматынан маалыматында.

Кыргыз-Казак мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал 2022-жылдын 7-январь саат 09:00гө карата туруктуу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: