Депутат кыргыз аскерлери Казакстанга кандай максатта барарын сурады
Бүгүн, 7-январда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өтүп жатат. Анда депутат Шарапаткан Мажитова кыргыз аскерлери Казакстанга кандай максатта барышат деп суроо салды.
УКМКнын төрагасы, министрлер кабинетинин орун басары Камчыбек Ташиев аскерлер мамлекеттик объектилерди коргоо максатында барарын айтты.
"Азыркы учурда Казакстанда кырдаал салыштырмалуу мыйзамдуу жолуна түшө баштады. Мурдагыдай чоң митингдер чечилди. Ага карабай биз башында ЖККУ менен сүйлөшкөндөй биздин аскерлер мамлекеттик объектилерди карайт. Эч кандай митингдерге катышпайт. Тактап айтканда, казак тарап бизден жардам сурап жатат. Биз жардамга колубузду сунуп жатабыз", - деп билдирди Ташиев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
3:33
2025-07-23
2:45
2025-07-23

Рейтинг:
4

Эки боордош элди касташтырууну каалаган акмак, саткын, эл душманысынар Жапаров, Ташиев жана депутаттар!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!