Казакстандагы кырдаал: Кыргыз аскерлери Канттагы авиабазада эки учакта даяр турушат
Казакстандагы кырдаалга байланыштуу кыргыз аскерлери Кант шаарындагы авиабазада эки учакта учууга даяр турушат. Бул тууралуу коргоо министри Бактыбек Бекболотов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Орусиянын, Беларусь өлкөсүнүн аскерлери Казакстанга кирди. Армениянын, Тажикстандын аскерлери учууга даярданып жатышат. Биздин дагы аскерлер даяр. Биз келишимге кол койгондон кийин эл аралык аброюбузду түшүрбөшүбүз керек. Биздин аскерлер Канттагы базада эки учакта биздин чечимибизди күтүп отурат", - деди Бекболотов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
3:33
2025-07-23
2:45
2025-07-23

Рейтинг:
6

Бугун казак элине каршы аскер жонотуп, казак элинин канын тогуп элдин эркин сындырууну коздоодо акмактар...
Эртен Кыргызстанда эл бийликке каршы которулсо, Токаев менен Путин аскер жонотот кыргыз элине каршы, Токаевге окшоп оз креслобуз учун курошобуз канча адамдын каны тогулсо да деп оз креслосун сактап калуу учун бугун Токаевди колдоп аскер жонотуп жатат канкор Ташиев, Жапаров, Байсалов, Бекболотов ж.