"Казакстан чек араны жапса, Кадырбеков унду желкесине көтөрүп келеби?". Камчыбек Ташиев Нуржигит Кадырбековго жооп берди
Бүгүн, 7-январда Жогорку Кеңештин депутаттары Казакстанга кыргыз аскерлерин жөнөтүү маселесин карап жатат.
Жыйында депутат Нуржигит Кадырбеков депутаттар чечим кабыл ала турган болсо, Конституцияга ылайык келбей тургандыгын айтты.
"Эгерде биз кандайдыр бир чечим кабыл ала турган болсок, бул Конституцияга ылайык келбейт. ЖККУнун алкагында биздин милдеттерибиз бар, түшүнөм. Бирок биздин мыйзамыбызчы? Жакында эле биз ант бергенбиз", - деди Кадырбеков.
Мындан тышкары Нуржигит Кадырбеков адамдын каны үчүн жооп берүүгө даяр эмес экендигин билдирди.
Буга УКМК башчысы Камчыбек Ташиев жооп берди.
"Мына мага азыр маалымат келди. Чек арадагы "Ак-жол" менен "Ак-Тилек" бекеттери жабылыптыр. Эртең ундун баасы 10 миң сомго, бензиндин баасы 100 сомго чыгып кеткенде Нуржигит Кадырбеков жооп бербейт. Ал ошол креслосунда отурат. Бул жерде өзүн пиарлай турган учур эмес. Бул жерде мамлекет башчысы кабыл алган чечим.
Азыр 7 посттун төртөө жабылды. Эртең бардыгы жабылса, унду Кадырбеков желкесине ташып келип береби?", - деп жооп берди Камчыбек Ташиев.


Чек ара бугун жабылса, эртен болбосо бурсугуну ачылмак. Чек араны шылтоолоп карапайым казак элине ок атууга аскер жонотуу эл-журт астында, Мекен астында чыккынчылык!!!
Эки боордош элди касташууга туртуп жаткан Жапаров менен Ташиев кетсин!!!!!!
Оозу кыйшык болсо да, байдын уулу суйлосун болуп жатат.Бийлик, байлык колдун кири.Эртенки кунго эч ким кепилдик бере албайт.Тарыхта жакшы ат менен калуу керек