super.kg logo

Чек ара кызматынын Кыргыз-Казак чек арасындагы өткөрмө жолдор боюнча маалыматы

 

Чек ара кызматы бүгүндөн баштап Казакстандын Бирдиктүү маалымат тутуму иштебей жаткандыгына байланыштуу Чүй облусундагы Кыргыз-Казак мамлекеттик чек ара аймагындагы "Кордай", "Ак-Жол", "Карасу", "Ак-Тилек" жана Ысык-Көл облусундагы "Кеген-автожол" жана "Каркыра-автожол" өткөрүү жайларынан жарандарды жана транспорт каражаттарын өткөрүүнү убактылуу токтоткондугун маалымдайт.

"Бүгүн, 7-январь саат 14:00гө карата COVID-19га байланыштуу болгон чектөөлөрдү эске алуу менен Кыргыз-Казак мамлекеттик чек ара аймагында Чүй облусунда "Чалдыбар-автожол" жана Талас облусунда "Чоң-Капка-автожол" өткөрүү жайлары штаттык режимде иштеп жатат.

Ошону менен бирге Кыргыз өлкөсүндө жүргөн Казакстандын жарандары "Ак-Жол", "Кордай", "Ак-Тилек", "Карасу", "Каркыра" жана "Кеген" өткөрүү жайлары аркылуу чыкса болот. Ал эми Казакстандын аймагында жүргөн Кыргыз жарандары Чүй облусундагы "Чалдыбар-авто жол" жана Талас облусунда "Чоң-Капка-авто жол" өткөрүү жайлары аркылуу гана кире алышат.

Кыргыз өлкөсүнүн жана үчүнчү өлкөлөрдүн жарандары Казакстандын аймагы аркылуу башка өлкөлөргө транзиттик каттоосуна убактылуу тыюу салынды. Казакстандын чек арасындагы өткөрүү жайларда жарандардын жана транспорт каражаттарынын тыгыны байкалган жок. Кыргыз-Казак мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал саат 14:00гө карата туруктуу деп мүнөздөлөт", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: