Казакстандын президенти айрым аймактарда интернетти иштетүүгө уруксат берди
Казакстандын айрым аймактарында интернетти иштетүүгө уруксат берилди. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев айрым аймактарда интернетти белгилүү убакыт аралыгы менен күйгүзүүнү чечти.
Ал 7-январда элге кайрылуусунда билдиргендей, мындай чечим кырдаалдын турукташуусуна байланыштуу кабыл алынган. "Интернетке кирүү деген жалган жалааларды, кемсинтүүлөрдү, чакырыктарды жарыялоо дегенди билдирбейт. Андай материалдар чыкса, авторлор табылып кармалат", - деди ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:37
2026-02-26
12:06
2026-02-26
10:02
2026-02-26
9:23
2026-02-26
Рейтинг:
2
2
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















