Эрулан Кокулов: "Эгер биздин аскерлер Казакстанга бара турган болсо, мен дагы барайын деп сурандым"
Жогорку Кеңеш кыргыз аскерлерин Казакстанга жөнөтүүгө макулдук берди. Бул тууралуу чечим бүгүн, 7-январда парламенттин жыйынында кабыл алынды.
Эл өкүлү Эрулан Кокулов аскерлерди жиберүүгө каршы добуш бергенин айтып, Фейсбук баракчасына билдирүү таратты.
"Бул суроо оор болду. Ким эле башка өлкөгө аскерин жөнөтүп, бул жакта отургусу келет. Өз позицияңды айт дешти. Мен каршы деген добуш бердим. Ал дагы оңойго турган жок. Анткени бул жакта көп суроолор бар экен. Бирок ошого карабастан мен каршымын деп чечим чыгардым. Чынын айтканда, абдан оор болду. Көп убакыт ойлонууга туура келди. Эгер биздин аскерлер Казакстанга бара турган болсо, мен дагы барайын деп сурандым", - деди Кокулов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
3:33
2025-07-23
2:45
2025-07-23

Рейтинг:
0

Оз позициясы жок жетеленме экенсин...
Баса, Элмурза Сатыбалдиев кандай добуш бериптир, билгендер барбы? Кечээ "мен каршымын" деп жатты эле. Кечээ эл козуно "каршымын" деп пиар кылгандар бугун ким билмек эле деп Ташиев менен Жапаровго каршы чыга албай "макул" деп кнопка басып беришти окшойт
Парламент бул сага не сахар!))