super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров кыргыз аскерлерин Казакстанга жөнөтүүгө макулдук берүү боюнча жарлыкка кол койду

 

Президент Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын аскердик контингентин Казакстан Республикасынын аймагына тынчтыкты сактоо ишине катышуу үчүн жөнөтүү жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын аскердик контингенти Казакстан Республикасынын аймагына кырдаалды турукташтыруу жана нормалдаштыруу максатында убактысы чектелген мезгилге тынчтыкты сактоо ишине катышуу үчүн жөнөтүү токтом кылынат.

Президент Садыр Жапаров аны менен катар Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин 6-январдагы чечимин, Жогорку Кеңештин 7-январдагы токтомун, "Кыргыз Республикасынын эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча иштерге катышуусунун негиздери жана тартиби жөнүндө" мыйзамдын 5-беренесин, "Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрү жөнүндө" мыйзамынын 10-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып, Конституциянын 66 жана 70-беренелерин эске алды.

Белгилей кетсек, Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңеши Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин улуттук коопсуздукка жана өлкө суверенитетине коркунучтарга байланыштуу кайрылуусунун негизинде Казакстан Республикасына тынчтык орнотуучу жамааттык күчтөрдү жөнөтүү чечимин кабыл алган.

Конституциянын жоболоруна ылайык, Жогорку Кеңеш Казакстандын аймагында кырдаалды турукташтыруу жана жөнгө салуу максатында тынчтыкты орнотуу иш-чараларына катышуу үчүн жамааттык күчтөрдүн курамында Кыргыз Республикасынын аскер контингентин жиберүүгө уруксат берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: