super.kg logo

Кыргыз-Казак чек арасындагы өткөрмө жайлары бир катар чектөөлөр менен иштеп жатат

 

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы Кыргыз-Казак мамлекеттик чек ара аймагындагы өткөрүү жайларынын иштөө тартиби өзгөргөндүгүн маалымдайт.

8-январга карата төмөндөгү өткөрүү жайлары иштеп жатат:

"Чалдыбар-автожол" - "Сыпатай Баатыр-автожол" төмөндөгүдөй чектөөлөр менен;

  • Кыргыз жарандары Казакстандын аймагына кирүүгө убактылуу чектөө коюлду;
  • Казакстандын аймагындагы Кыргыз жарандары "Чалдыбар-автожол" өткөрүү жайы аркылуу кире алышат;
  • Кыргыз өлкөсүнүн аймагында жүргөн Казакстандын жарандары "Чалдыбар-автожол" өткөрүү жайы аркылуу чыгып кете алышат;
  • Оор жүк ташуучу транспорт каражаттары Казакстандын аймагына "Чалдыбар-автожол" өткөрүү жайы аркылуу чектөөсүз кире алышат.

"Ак-Жол-автожол" - "Кордай-автожол" төмөндөгүдөй чектөөлөр менен:

  • Кыргыз жарандары Казакстандын аймагына кирүүгө убактылуу чектөө коюлду;
  • Казакстандын аймагында жүргөн Кыргыз жарандары "Ак-Жол-автожол" өткөрүү жайы аркылуу кире алышат;
  • Кыргыз өлкөсүнүн аймагында жүргөн Казакстандын жарандары "Ак-Жол-автожол" өткөрүү жайы аркылуу чыкса болот. Бул өткөрүү жайынан жарандар жөө гана өтө алышат.

"Ак-Тилек-автожол" - "Карасу-автожол" төмөндөгүдөй чектөөлөр менен:

  • Кыргыз жарандары Казакстандын аймагына кирүүгө убактылуу чектөө коюлду;
  • Кыргыз өлкөсүнүн аймагында жүргөн Казакстандын жарандыгы бар оор жүк ташуучу транспорт каражаттарынын айдоочулары Казакстандын аймагына "Ак-Тилек-автожол" өткөрүү жайы аркылуу чыга алышат;
  • Казакстандын аймагында жүргөн Кыргыз өлкөсүнүн жана үчүнчү өлкөлөрдүн оор жүк ташуучу транспорт каражаттарынын айдоочулары Кыргызстанга "Ак-Тилек-автожол" өткөрүү жайы аркылуу кире алышат;
  • Казакстандын аймагында жүргөн Кыргыз жарандары "Ак-Тилек-автожол" өткөрүү жайы аркылуу кире алышат;
  • Кыргыз өлкөсүнүн аймагында жүргөн Казакстандын жарандары "Ак-Тилек-автожол" өткөрүү жайы аркылуу кете алышат.

Талас облусундагы "Чоң-Капка автожол" - "Айша-Биби-автожол" төмөндөгүдөй чектөөлөр менен:

  • Кыргыз жарандарына Казакстандын аймагына кирүүгө убактылуу чектөө коюлду;
  • Казакстандын аймагы аркылуу транзиттик каттаган оор жүк ташуучу транспорт каражаттары гана мамлекеттик чек арадан штаттык режимде өткөрүлөт;
  • Казакстандын аймагында жүргөн Кыргыз жарандары "Чоң-Капка автожол" өткөрүү жайы аркылуу кире алышат;
  • Кыргыз өлкөсүнүн аймагында жүргөн Казакстандын жарандары "Чоң-Капка автожол" өткөрүү жайы аркылуу кете алышат.

2022-жылдын 8-январы саат 11:30га карата Кыргыз-Казак мамлекеттик чек ара аймагындагы өткөрүү жайларында жарандардын жана транспорт каражаттарынын тыгыны байкалган жок.

Эскерте кетсек, бүгүн, 8-январда Кыргыз-Казак чек арасындагы айрым өткөрмө бекеттери чектөөлөр менен иштей баштаганы айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: