Касым-Жомарт Токаев менен Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөштү. Талкууланган маселелер
ЖККУга (Жамааттык коопсуздук келишим уюму) кирген өлкөлөрдүн лидерлери онлайн жолугушуу өткөрөт. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз кызматына таянуу менен орусиялык басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев орусиялык кесиптеши Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшкөнү айтылат.
"Казакстандын башчысы өлкөдөгү азыркы кырдаал тууралуу маалымат берип, турукташтыруу багытында өнүгүп жатканын белгиледи.
Анын айтымында, ЖККУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын биргелешкен сүйлөшүүсү талап кылынат. Касым-Жомарт Токаев жакынкы күндөрү Армениянын төрагалыгы алдында ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин видеоконференциясын өткөрүү демилгесин көтөрдү. Владимир Путин бул сунушту колдоду", - деп жазылат маалыматта.


Эми бул жагына Токаев озу каалаган примерди алып келе алат деп ойлойм мурда жалан аксакалдын айтканы болчу.Чек араларыбызда ошонуну планы менен ачылып жабылып турган, эми Токаев жакшылыкты тушунсо караштырып мамиле кылаар.