ТИМ Казакстандагы мекендештерди адамдар көп чогулган жерлерге барбоого чакырат
Тышкы иштер министрлиги Казакстандын аймагында жайгашкан мекендештерди чыр-чатактуу окуяларга катышпоого чакырат. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты.
"Казакстандын аймагында мекендештерди жашаган жеринен алыс чыкпай, ар кандай чагымчылдыкка алдырбай, чыр-чатактуу окуяларга катышпоого, адамдар көп чогулган жерлерге барбоого дагы бир ирет чакырат", - деп айтылат маалыматта.
Казакстандын аймагында, айрыкча Алматы шаарынын аймагында жүргөн жарандарыбыз төмөнкү телефон номерлери аркылуу Кыргыз өлкөсүнүн Алматы шаарындагы Башкы консулдугу менен үзгүлтүксүз байланышта болууну сунуштайт:
- +7 777 8150072 Кайрат Жакыпов
- +7 777 0371448 Гульзат Абдурасулова
- +7 777 0275596 Жаркынай Сансызбаева
- +7 775 4634295 Медер Сапаралиев.
Ошондой эле консулдук-укуктук мүнөздөгү маселелер боюнча кеңеш алуу, кайрылуулар үчүн Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинде, Кыргыз өлкөсүнүн Казакстандагы элчилигинде ыкчам байланыш телефондору иштеп жатат.
ТИМдин Консулдук кызмат департаменти:
- +996 551 312 000 - ыкчам байланыш номери
- +996 555 007 626
- +996 708 52 21 37
- +996 707 989 895
- +996 709 983 465.
Кыргыз өлкөсүнүн Нур-Султан шаарындагы элчилиги:
- +7 (776) 124-88-33
- +7 777 4733009.

