super.kg logo

Ноокат районунун акими сүттөй аппак болуп аккан суу эмнеден улам келип чыкканын айтты

 

Буга чейин SUPER.KG порталына Ош облусунун Ноокат районунун тургуну кайрылып, ичүүчү суунун тазалыгына кабатыр болуп жатканын айткан. Тагыраагы "ичүүчү суу алган дарыя аппак сүттөй болуп агып жатат" деп видеосун дагы жөнөткөн.

Бул маселе боюнча Ош облусунун Ноокат районундагы акими Данияр Иманалиев комментарий берди.

"Арал айылы аркылуу Кыргыз-Ата суусу агат. Ошол айылда мрамор иштетүүчү "Мрамор-Стоун" жоопкерчилиги чектелген коому бар. Мраморду кескенден кийин чогулган күкүмдөрү топтолгон жай дарыяга жакын болгон. Ал жерде суу каптап кеткенде күкүмдөрү сууга кошулуп аккан. Негизи ал химиялык зат эмес.

Бул боюнча дүйшөмбү күнү Мамлекеттик экологиялык жана техникалык инспекциядан корутундусун алып, ошого жараша чара көрөбүз", - деди аким Иманалиев.

Ал эми Мамлекеттик экологиялык жана техникалык инспекциясы лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүп жатканын маалымдашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
09.01.2022. 01:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Качан ушинтип кочугунорго сайгылаганда анан чуркай баштайсынар жумуртка тууган тоокко окшоп. Бул суу канча жылдан бери агат булганып.
09.01.2022. 07:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мрамор чыгарган заводту 500.000 айыпка жыгыш керек эккинчи эч ким сууну булгабай турган болуп калышат, оздору эле этияттанып!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: