Казакстанда Викрам Рузахуновдун кармалышы: Камчыбек Ташиев митинг өтүп жаткан жайга келди
Бишкекте Казакстандын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилигинин алдында митинг өтүп жатат. Митингге өнөр өкүлдөрү, активисттер дагы катышууда.
УКМКнын төрагасы, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев митинг өтүп жаткан жайга келип, маалымат берди.
"Азырынча казак тараптан расмий түрдө билдирүү түшө элек. Бирок видео расмий телеканалдарда көрсөтүлүп жатат.
Казакстандын мамлекеттик телеканалдарынын маалыматы туура эмес. Ал террорчу эмес, жөнөкөй жаран, музыкант. Бардык каналдарды текшеришти, Викрам Рузахунов баш аламандыкка, көчө жүрүштөрүнө катышкан эмес. Коңшулар тергөөнүн риторикасын өзгөртүшү керек. Биздин жарандарды террорчулукка айыптоо туура эмес", - деди Ташиев.
Ошондой эле Казакстандын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилигине нота берилгенин кошумчалады.
Маалымат үчүн:
Буга чейин Казакстандагы телеканалдардын биринде баш аламандыкка катышкандардын бири Кыргыз өлкөсүнөн учуп баргандыгын айткан видео көрсөтүлгөн. Андан соң интернет колдонуучулары видеодогу жаран жаз музыканты Викрам Рузахунов экендигин жазышкан.
Бул боюнча Тышкы иштер министрлиги жана ИИМ аталган жарандын кармалышы боюнча жагдайларын тактоого тиешелүү чаралар жүргүзүлүп жатканын билдиришти.


Ташиев музыкантты эмес, канкор казак бийлигин сактоо учун аскер жонотуп жатат. Эмне, окусан тетири тушуно турган отклонение барбы мээнде?!
Карапайым оз элин террорист корсотуп, биздин музыкантты морадер корсотуп...
Алматынын аэропортуна барган 35-40 адам да Токаевдин адамдары. 5 самолет угон болду деп жатабы Токаев? Как будто митингчилер самолет айдаганды биле тургансып. Баары Назарбаев менен Токаевдин иши. Олтурулгон, башы кесилген полицейскийлер да. Токаевдин буйругу менен болгон ошолор да.
Ташиев менен Жапаров Жениш Молдокматовго жок жалаа жаап камап салышты го, ошондой болуп жатат.
Жениш Молдокматов 2 достун апендилигин ашкере кылып чындыкты айтып чыкканы учун жалаа жаап камап салганы калппы же?
Каалагандай ойло, каала Батыштын агенти, каала Моодокматовчу де, озун жугундукор болсон, башкаларды да озундой жугундукор ойлоп журо бересин да... )))
Эмнеге жаман коруно бересин,зарилби дейм да сага
Фантазиянар укмуш да, Садыр менен Камчынын жугундукорлору........ )))))))))))))