Казакстандан 14 Кыргыз жараны мекенине алып келинди
Казакстандан 14 Кыргыз жараны мекенине алып келинди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кыргыз өлкөсүнүн Казакстандын Алматы шаарындагы башкы консулдугу 9-январда атайын транспорт уюштуруп, 14 Кыргыз жараны мекенине кайтты. Алардын арасында аялдар жана балдар бар.
Мындан тышкары Нур-Султан шаарынын аэропорту каттам жасабай жаткандыктан 15 Кыргыз жаранын темир жол аркылуу алып келүү иштери жүрүүдө деп айтылат маалыматта.
Тышкы иштер министрлигинин Казакстандын аймагында жүргөн Кыргыз жарандары үчүн ыкчам байланыш телефондору.
Эске сала кетсек, Казакстанда нааразычылык акциялары бир нече күн мурун башталган. Жергиликтүү тургундар унаага куюлуучу газдын баасын арзандатууну талап кылып, өз шаарларынын көчөлөрүнө чыгышкан. Казакстанда жаңы жылдан кийин эле газдын баасынын литри 60 теңгеден 120 теңгеге чейин көтөрүлгөн.
Митингчилер республиканын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевден саясаттан кетүүнү талап кылышкан. Казакстанда өзгөчө абал режими киргизилип, өлкөнүн өкмөтү отставкага кеткен.

