super.kg logo

ИИМ: "Жалган маалыматтарды тараткандарга чара көрүлөт"

 

Ички иштер органдарынын өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөнү улантууда. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кылмыштуулук менен күрөшүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана коомдук абалды көзөмөлдөө, тартипти камсыздоо максатында ички иштер органдарынын өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өткөрүлдү.

"Милиция кызматкерлери жарандардын коопсуздугун камсыздоого бардык зарыл чараларды көрөт. Күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөө учурунда коомдук-саясий кырдаалдын туруктуулугун камсыздоого багытталган аракеттер кабыл алынып, ошондой эле укук бузууларды алдын алуу күчөтүлөт.

Ички иштер министрлиги жарандардан кастыкты жана жек көрүүнү козутуу аракетин камтыган материалдарга, чагымчыл билдирүүлөргө ишенбөөнү суранат жана ошондой эле жарандарга кайрылып мессенжерлердеги, социалдык тармактардагы чагымчыл, жалган материалдарды таратуудан алыс болууга чакырат. Ошондой эле мындай фактылар боюнча ички иштер органдарына кабарлап коюуну суранат", - деп жазылат маалыматта.

Чындыкка дал келбеген жана укук тартибин бузууга түрткөн, кастыкты козутуучу жана кырдаалды туруксуздаштырууга чакырган билдирүүлөрдү тараткандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: