Юстиция министрлиги Казакстанда кармалган Кыргыз жараны Рузахуновду кыйноо боюнча кылмыш ишин козгоону өтүндү
Юстиция министрлиги Казакстанда кыйноого кабылган Кыргыз жараны Викрам Рузахунов боюнча кылмыш ишин козгоо өтүнүчү менен Башкы прокуратурага кайрылды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Ошондой эле министрлик Казакстандын укук коргоо органдарынын кызматкерлерине карата дагы териштирүү иштерин жүргүзүүнү талап кылуу өтүнүчүн дагы жөнөткөн.
"Башкы прокуратурага кайрылууга тараган тасма, андагы Кыргызстандын жараны Викрам Рузахуновдо кыйноонун издери даана көрүнгөнү жана массалык баш аламандыкка катышкан деп өзүн-өзү айыптаганы негиз болду. Эгерде Викрам Рузахуновго Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин юристтери жана консулдук кызматкерлери менен жолугууга мүмкүнчүлүк берилбесе, бул иш чет өлкөлүк жарандарга карата кыйноо жана далилсиз күнөөлөөнүн эл аралык көрсөткүчү болуп калуусу мүмкүн”, - деп айтылат министрликтин маалыматында.
Маалымат үчүн:
Буга чейин Казакстандагы телеканалдардын биринде баш аламандыкка катышкандардын бири Кыргыз өлкөсүнөн учуп баргандыгын айткан видео көрсөтүлгөн. Андан соң интернет колдонуучулары видеодогу жаран жаз музыканты Викрам Рузахунов экендигин жазышкан.
Бул боюнча Тышкы иштер министрлиги жана ИИМ аталган жарандын кармалышы боюнча жагдайларын тактоого тиешелүү чаралар жүргүзүлүп жатканын билдиришти.



1 |