super.kg logo

Казакстандагы окуяларда кыргыздарга карата маалыматтык бурмалоого каршы штаб түзүлдү

 

Казакстандагы окуяларда кыргыздарга карата маалыматтык бурмалоого каршы штаб түзүлдү. Бул тууралуу журналист Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Ага ылайык, учурда штабга адистерди чогултуу иштери жүрүүдө. Анын курамына ыктыярчы, журналист, аналитиктер, блогерлер топтолууда.

“Казакстандагы окуяга биздин жарандарды айыптаган каралоо уланууда. Белгилүү музыкантты сабап, кордоп, мажбурлап "200 доллар үчүн Алматыга келдим" деп сүйлөтүшкөн. Анын таанымал экени, 200 долларга муктаждыгы жоктугу казактардын атайын кызматтарын дүйнөгө шерменде кылды. Белгилүү музыкантты "бандит" кылган казак күч органдары, ММКлары дагы канча жөнөкөй жарандарыбызды "террорист" кылып салды экен? Өзүнүн 20 миң калкын "террорист" кылган Токаев бийлиги, биздин ал жакта иштеп жүргөн канча кыргызстандыктарды "баш кесер, мародёр" кылып салды экен?

Ошондуктан маалыматтык бурмалоого каршы атайын топ түзүп, дүйнөгө чындыкты жеткирүүнү максат кылып, штаб түздүк.

Келип көмөктөшсөңүздөр болот. Ыктыярчы, журналист, аналитиктер, блогерлерди катарыбызга чакырабыз. Азыр бир атанын балдарындай ынтымак менен, салымыбызды кошолу.

Ар ким колундагы мүмкүнчүлүк, аппаратураларын алып келе бергиле. Ким келе алат, мага кабарлашып коюңуздар. Азыр ар бир жарандын салымы - мамлекеттин кадыр-баркы үчүн чоң салым. Жалган жалаа менен кармалып жаткан мекендештерибизге жардам.

Дарек. Бөкөнбаев 120

SK Hotel , 1-кабат, жыйындар залы.

(Иштөөгө ылайыктап шарт түзүлүп жатат, бүгүн түштөн кийин толук даяр болуп калат)

Тел/вотсап: 0705 99 11 99”, - деп жазган Орунбеков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Комментарийлер(5)
10.01.2022. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Азаматар ийгилик
10.01.2022. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аллахым ыраазы болсун, ишинер ийгиликтүү болсун. Бул манкалардын шермендесин бут аалам угуп билсин кандай Казак башчысы бар экенин.
10.01.2022. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азамат, Дайыр
10.01.2022. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргызым менен сыймыктанам
10.01.2022. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Антирадикалды кошуп алгылачы.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: