super.kg logo

Чек ара кызматы: "Кыргыз-Казак чек арасынын иштөө тартиби өзгөрдү"

 

Бүгүн, 10-январь саат 11:30га карата Кыргыз-Казак чек арасынын иштөө тартиби өзгөрдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 10-январы саат 11:30га карата кыргыз-казак мамлекеттик чек ара аймагындагы өткөрүү жайлары төмөндөгүдөй тартипте иш алып барышууда:

1. “Ак-Тилек-авто жол” (КР) – “Карасу-авто жол” (РК) төмөндөгүдөй чектөөлөр менен:

- Кыргыз жана чет өлкөлүк жарандарга Казакстандын аймагына кирүүгө убактылуу чектөө коюлду;

- Казакстандын аймагында жүргөн Кыргыз жана чет өлкөлүк жарандар “Ак-Тилек-авто жол” көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу кире алышат;

- Кыргыз өлкөсүнүн аймагында жүргөн Казакстандын жарандары “Ак-Тилек-авто жол” көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу чыга алышат;

- Оор жүк ташуучу транспорт каражаттары COVID-19га байланыштуу болгон чектөөлөрдү эске алуу менен “Ак-Тилек-авто жол” көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу эч кандай тоскоолдуксуз кирип чыга алышат.

2. “Чалдыбар-авто жол” (КР) – “Сыпатай Баатыр-авто жол” (РК) төмөндөгүдөй чектөөлөр менен:

- Кыргыз жарандарына Казакстандын аймагына кирүүгө убактылуу чектөө коюлду;

- Казакстандын аймагында жүргөн Кыргыз жана чет өлкөлүк жарандар “Чалдыбар-авто жол” көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу кире алышат;

- Кыргыз өлкөсүнүн аймагында жүргөн Казакстандын жарандары “Чалдыбар-авто жол” көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу чыга алышат;

- Оор жүк ташуучу транспорт каражаттары COVID-19га байланыштуу болгон чектөөлөрдү эске алуу менен “Чалдыбар-авто жол” көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу эч кандай тоскоолдуксуз кирип чыга алышат.

3. “Ак-Жол-авто жол” (КР) – “Кордай-авто жол” (РК) төмөндөгүдөй чектөөлөр менен:

- Кыргыз жарандарына Казакстандын аймагына кирүүгө убактылуу чектөө коюлду;

- Казакстандын аймагында жүргөн Кыргыз жана чет өлкөлүк жарандар “Ак-Жол-авто жол” көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу кире алышат;

- Кыргыз өлкөсүнүн аймагында жүргөн Казакстандын жарандары “Ак-Жол -авто жол” көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу чыга алышат.

4. Талас облусундагы “Чоң-Капка-авто жол” (КР) – “Айша Биби-авто жол” (РК) төмөндөгүдөй чектөөлөр менен:

- Кыргыз жарандарына Казакстандын аймагына кирүүгө убактылуу чектөө коюлду;

- Казакстандын аймагында жүргөн Кыргызстандын жана чет өлкөлүк жарандар “Чоң-Капка-авто жол” көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу кире алышат;

- Кыргыз өлкөсүнүн аймагында жүргөн Казакстандын жарандары “Чоң-Капка-авто жол” көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу чыга алышат;

- Казакстандын аймагы аркылуу транзиттик каттаган оор жүк ташуучу транспорт каражаттары COVID-19га байланыштуу болгон чектөөлөрдү эске алуу менен “Чоң-Капка-авто жол” көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу кирип чыга алышат.

5. “Каркыра-авто жол” (КР) – “Кеген-авто жол” (РК) төмөндөгүдөй чектөөлөр менен:

- Кыргыз жарандарына Казакстандын аймагына кирүүгө убактылуу чектөө коюлду;

- Кыргыз өлкөсүнүн аймагында жүргөн Казакстандын жарандары гана “Каркыра-авто жол” көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу чыга алышат.

2022-жылдын 10-январы саат 11.30га карата кыргыз-казак мамлекеттик чек ара аймагындагы өткөрүү жайларында жарандардын жана транспорт каражаттарынын тыгыны байкалган жок.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
10.01.2022. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ошондо товар ташыгандарга да тиешелуубу?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: