Жалал-Абадда 50 жаштагы Бекболот Боронбаев дайынсыз болуп изделүүдө



Жалал-Абадда Бекболот Боронбаев дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Сузак районунун Кызыл-Сеңир айылынын 50 жаштагы тургуну Бекболот Боронбаев 2021-жылдын 29-декабрь күнү саат 10:00 чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда.
Учурда Боронбаев Бекболот Дубанакуловичтин жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.
Белгилери: Бою 165-170 сантиметр, өңү кара тору, кашы, көзү, чачы кара, арык дене түзүлүштө, сакалы бар, 2-топтогу майып.
Кийген кийимдери: Башында кара түстөгү шапка, үстүндө күрөң түстөгү күрмө, кара түстөгү шым, бутунда кара түстөгү маасы, көлөч болгон.
Бекболот Боронбаев тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо төмөнкү номерлерге кабарлап койсоңуздар болот:
Тел.: 102,
(03748) 5 02 09,
0778 15 15 91,
0550 31 31 22.




