super.kg logo

Казакстандагы кырдаал: Касым-Жомарт Токаев ЖККУнун онлайн саммитинде сөз сүйлөдү. Президент эмне жөнүндө айтты? (кыскача)

 

Бүгүн, 10-январда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун онлайн саммитинде сөз сүйлөп, Казакстандагы кырдаалга токтолду.

Касым-Жомарт Токаевдин онлайн саммитте сүйлөгөн сөзү кыскача:

Президент ЖККУга мүчө-мамлекеттердин башка башчыларына көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди;

Казакстан тарыхтагы эң оор кризисти башынан өткөрүүдө;

Митингчилердин негизги максаты өлкөдөгү бийликти басып алуу болгон;

Бардык согуштук аракеттер бир борбордон координацияланган. Митингчилер көптөн бери чабуулга даярданышкан;

Митингчилер Казакстандын борборуна, президенттик резиденцияга сокку урууну пландашкан;

Баш аламандык учурунда жөнөкөй жарандардын ичинен каза болгондор бар. Алардын так саны учурда такталууда;

Казакстанда ЖККУнун тынчтык орнотуу күчтөрүнөн 2030 аскер жана 250 техника бар;

Казакстандын бийлигинин тынч митингчилерге каршы курал колдонгону – фейк;

Казакстан дүйнө коомчулугуна өлкөгө каршы агрессиянын далилдерин көрсөтөт;

Полицияга 8 миңдей адам жеткирилип, 166 техника алынды;

Жакынкы аралыкта Казакстанда ири антитеррордук операция аяктайт;

11-январда президент парламентке өкмөттүн жаңы курамы боюнча сунуш киргизет.

Эске сала кетсек, Казакстандын шаарларында нааразычылык акциялары 4-январда башталган. Митинг полиция менен кагылышууга жана тополоңго чейин жетти. Өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланып, өкмөт отставкага кетти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: