super.kg logo

10-февралга чейин. Баткен милициясы кенже жетекчилик кызматтарга сынак жарыялады

 

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын кенже жетектөөчү курамындагы кызматтарга конкурс жарыяланды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сынакка "Укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген укук коргоо органдарына кызматка кабыл алуунун жана кызмат өтөөнүн шарттарына жана квалификациялык талаптарына жооп берген адамдар катыша алышат. Тактап айтканда, 19 жашка толгон жана 30 жашка чейин мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылбаган, аскердик кызматты өтөгөн же үй-бүлөлүк шарттары боюнча альтернативдик кызматты өтөгөн, бою 170 сантиметрден кем эмес Кыргыз жарандары катыша алышат.

Тиешелүү документтер 2022-жылдын 10-январынан 10-февралга чейин кабыл алынат. Конкурска катышуу үчүн талапкерлер тийиштүү документтердин тизмегин алуу үчүн жана суроолор боюнча Баткен ОИИБинин кадрлар бөлүмүнө кайрылса болот.

Дареги: Баткен шаары, Разаков көчөсү 4.

Байланыш номерлери: 03622 5-02-75






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: