super.kg logo

Үчүнчү ирет ата-эне болушту. Ырчы Мажит Абдрашитовдун жубайы көз жарды

 


Ырчы Мажит Абдрашитовдун үй-бүлөсүндө наристе үнү жаңырды. Анын жубайы Бермет кечээ, 10-январда борбордогу төрөтканалардын биринде көз жарды.

"Биз үчүнчү ирет ата-эне болдук. Төрөттө келинчегим бир аз кыйналды. Төрөт оңой эмес. Бирок келинчегим оор басырыктуу болгондуктан көп билдире бербейт. Эң негизгиси келинчегиме ыраазымын. Учурда эне менен наристенин абалы жакшы.

Кызыбызга Асия деген ысым ыйгардык", - деп кубанычы менен бөлүштү.

Мажит Абдрашитов чыгармачылыкка кичине кезинен аралашып "Карындаш", "Айдайым", "Жалгыз сен" жана башка ырларды жаздырган.

Мажиттин азан чакырылып коюлган аты - Бекжан. Ал 1995-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн. 2011-жылы мектепти аяктап, Т.Эрматов атындагы музыкалык колледжине тапшырган. 2003-жылы "Куудулдар жана аялдар" деп аталган концертте пародист катары алгачкы жолу сахнага чыккан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
11.01.2022. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Өмүрү узун болсун
Кайран Мажит иштеп аткан чагы экен да
11.01.2022. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Озу да Мажит аты да Мажит экен! Ишти кыла бер, свет бат баттан очуп турсун, тапочкалар кобойо берсин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: