Сокулуктагы даараткана: Мектеп директору даараткананын ачылышы кимдер үчүн уюштурулганын айтып берди
Сокулуктагы Төмөнкү Чүй айылындагы орто мектепке дээрлик 2 миллион сомго курулган даараткананын ачылышы кызуу талкуу жаратты. Ачылыш аземдеги район башчыларынын кызыл лентаны кесип жаткандагы сүрөтү талкууга жем таштаган. Төмөнкү Чүйдө жайгашкан орто мектептин директору Патима Малочиева окуя боюнча SUPER.KG порталына төмөнкүлөрдү билдирди.
"Биздин мектепке заманбап даараткана куруп берген корей фонду акыркы 5 жыл ичинде өз каражатынан Төмөнкү Чүй айыл өкмөтүндө түрдүү объектилерди куруп келе жатат.
2021-жылдын декабрь айында даараткананын курулушу аяктап, алар бизден ачылышын жасоону суранышкан. Алар 10-январда даараткананын ачылышына келишти. Бирок алар эки-үч күн мурун райондон жана акимияттан өкүлдөр болушу керектигин эскертишкен. Мен райондук билим берүү бөлүмүнө кабар бергем. Алар келген соң чакан чөйрөдө даараткананын салтанаттуу түрдө ачылышы болду. Биз чындап эле дааратканага муктаж болгондуктан аларга ыраазычылыгыбызды билдирдик.
Лента боюнча айта турган болсом, бул алардын салты деп койсо болот. Анткени алар да өз жетекчилигине отчёт берип, ишинин жыйынтыгын көрсөтүшөт. Ошол учурда ачылыштын жүрүшүн сүрөткө тартып жүрүшкөн. Курулушуна канча каражат кеткендигин мен так билбейм", - деди мектеп директору.
Эскерте кетсек, даараткананын ачылышынан соң Сокулуктун акими Курбанбек Айтибаевге сөгүш жарыяланып, акимдин орун басары Самаган Мурсалиев кызматынан бошотулган.
кошулду





Силер аркылуу Буткул Дуйно жузу КЫРГЫЗ жергесиндеги Жанылыктарды коруп, окуп отурат!!!