Баткен ОИИБи облус аймагындагы ички иштер башкармалыгынын кенже жетектөөчү курамындагы кызматтарга конкурс жарыялайт
Баткен ОИИБи облус аймагындагы ички иштер башкармалыгынын кенже жетектөөчү курамындагы кызматтарга конкурс жарыялайт. Бул тууралуу аталган облустук милициядан билдиришти.
Конкурска укук коргоо органдарына кызматка кабыл алуунун жана кызмат өтөөнүн шарттарына жана квалификациялык талаптарына жооп берген 19 жаштан 30 жашка чейинки, мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылбаган, аскердик кызмат өтөгөн, же үй-бүлөлүк шарттары боюнча альтернативдик кызматты өтөгөн жарандар катыша алат.
Бою 170 сантиметрден кем эмес Кыргыз Республикасынын жарандары катыша алат. Тиешелүү документтер 2022-жылдын 10-январынан 10-февралына чейин кабыл алынат.
Конкурска катышуу үчүн талапкерлер тийиштүү документтердин тизмегин алуу үчүн жана суроолор боюнча Баткен ОИИБинин кадрлар бөлүмүнө кайрылса болот.




