super.kg logo

Кыргыз-Казак чек арасындагы оор жүк ташуучу унаалардын тыгыны майрамга байланыштуу болгону айтылды

 

Кыргыз-Казак мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал туруктуу. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

"Бүгүн, 11-январь саат 22:00гө карата "Ак-Тилек-автожол" көзөмөл өткөрүү жайынын кире беришинде Кыргыз өлкөсүнөн Казакстанды көздөй авто транспорт каражаттарынын тыгыны байкалган. Чек ара көзөмөлүнөн өтүүгө 130 оор жүк ташуучу транспорт каражаты кезек күтүп турушат. Алардын ичинде азык-түлүктөр бар, кээ бири бош.

Аталган өткөрүү жайында оор жүк ташуучу транспорт каражаттарынын тыгыны майрамдан кийин жүк ташуулардын көбөйгөнүнөн жана Казакстандын аймагында текшерүү комплексинен өтүүсүнө байланыштуу орун алууда.

Чек ара кызматы кыргыз тараптан оор жүк ташуучу транспорт каражаттары чек ара көзөмөлүнөн өтүүгө эч кандай чектөөлөр жок экендигин эскертет. Кыргыз-Казак мамлекеттик чек ара аймагындагы башка көзөмөл өткөрүү жайларында жарандардын жана транспорт каражаттарынын тыгыны байкалган жок", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
12.01.2022. 02:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кандай Майрам???
12.01.2022. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ооба сага. Токаев майрам уюштуруп берди го бүткүл казак элине, ошого болсо керек да. Табалабай тообо дегилечи. Башка бир шылтоону айтсаңар болмок. Казакстанда орун алган окуяларга байланыштуу деп эле айтса болбойбу.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: