super.kg logo

Садыр Жапаров 2021-жылдын бюджетинин аткарылышы боюнча маалымат берди

 

Былтыр өлкөнүн жалпы бюджети 281,3 миллиард сом деңгээлинде бекитилген. Бул тууралуу өлкө башчы Садыр Жапаров Фейсбук баракчасына жазды.

Маалыматка ылайык, республикалык бюджеттин тартыштыгынын баштапкы өлчөмү 8,5 миллиард сом деңгээлинде болжолдонгон.

"2021-жылдын башында салык жана бажы төлөмдөрүн чогултуу бекитилген пландан артта калганы байкалган. Май айынан тартып Салык кызматын санариптештирүү, фискалдаштыруу, анын ишинин ачык-айкындуулугун камсыздоо жана байкоо жүргүзүү иштери күчөтүлүп, өз жемишин берди. 2021-жылдын жарымынан – август айынан тарта салык жыйымдарынын динамикалык өсүшү байкалды. Мындан улам 2021-жылдын бюджетине тийиштүү өзгөртүүлөр киргизилди.

Жылдын бюджетинин аткарылышы боюнча Салык кызматы салык кирешелери боюнча планды 7,9 миллиард сомго ашыра аткарып, бюджетке 104,2 миллиард сом түшүргөнүн белгилейбиз. Өз кезегинде Бажы кызматы акыркы эки айда пландан артта калуусун 3,2 миллиард сомдон 1,6 миллиард сомго чейин кыскартууга жетишип, бюджетке 46,8 миллиард сом түшүрдү. Жалпысынан жылдын жыйынтыгы боюнч, мамлекеттик бюджеттин салык кирешелери толугу менен аткарылып, 151 миллиард сомду түздү. Мындан тышкары мамлекеттик бюджеттин салыктык эмес кирешелери толугу менен аткарылып, 44,7 миллиард сомду түздү. Салыктык эмес кирешелердин өсүшү бекитилген пландагы 31,3 миллиард сомго салыштырмалуу 13 миллиард сомдон ашык болду. Муну менен алдын ала маалыматтар боюнча, консолидацияланган бюджеттин ресурстук бөлүгүнүн иш жүзүндө аткарылышы 311 миллиард сомду түзүп, бекитилген планга салыштырмалуу 30 миллиард сомго өскөн.

Жарандардын социалдык абалын, эпидемиологиялык абалды жакшыртуу, ошондой эле өлкөнүн азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бул өсүш бюджеттик каражаттын эсебинен кошумча зарыл иш-чараларды 19,5 миллиард сомго ишке ашырууга мүмкүндүк берди, анын ичинде:

- медицина кызматкерлеринин эмгек акысын 50 пайызга жогорулатууга 1,8 миллиард сом бөлүндү;

- маданият кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатууга 0,2 миллиард сом бөлүндү;

- кызыл зонада иштеген медицина кызматкерлерине компенсация төлөөгө 1,9 миллиард сомдон ашык каражат бөлүндү (COVID-19);

- 1,5 миллиард сомго COVID-19га каршы вакциналар сатып алынды;

- азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга, тактап айтканда буудайды, данды сатып алууга жана азык-түлүк товарларынын камылгасын толуктоого 1,9 миллиард сом бөлүнгөн;

- кыштан көйгөйсүз өтүү максатында энергетика тармагына жаратылыш газын, электр энергиясын, мазутту сатып алууга жана электр энергиясын импорттоого кошумча 3,4 миллиард сом каралган;

- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга социалдык жөлөк пулдарды, камкорчусунан ажыраган балдарга социалдык жөлөк пулдарды жана пенсияларды 50 пайызга көбөйтүүгө болжол менен 0,6 миллиард сом жумшалды.

Ошол эле учурда 2022-жылдын 1-январынан тартып жөлөк пулдар 100 пайызга көбөйдү. Мисалы, ВИЧке же СПИДге чалдыккан энелерден төрөлгөн балдарга, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга жана адамдарга берилүүчү жөлөк пул 2021-жылдын 1-октябрынан тартып 4000 сомдон 6000 сомго чейин көтөрүлгөн.

2022-жылдын 1-январынан тарта бул жөлөк пулдардын өлчөмү 8 миң сомду түзөт. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн башка бардык жөлөк пулдар боюнча көрүнүш ушундай эле. 2021-жылы алар жогорулоо жагына карай өзгөртүлгөн", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
12.01.2022. 06:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аллахым ыраазы болсун. Ишинерге ийгилик коштой берсин Ааминь
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: