Бишкек: Айдоочуларга бүгүндөн баштап Максим Горький көчөсүнөн Байтик баатыр көчөсүнө солго бурулууга тыюу салынды
Бүгүн, 12-январдан баштап Бишкектеги Максим Горький көчөсү менен чыгышты көздөй бара жаткан айдоочуларга Байтик баатыр көчөсүнөн солго бурулууга тыюу салынды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Патрулдук милиция кызматынын басма сөз катчысы Байгазы Айтикул уулу билдирди.
"Буга чейин Жукеева-Пудовкин көчөсүнүн Медеров көчөсүнөн тартып, Максим Горький көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жолду оңдоп-түзөө иштери болгондуктан ошол тилке убактылуу жабылган. Ошого бойланыштуу жол тыгындарынын алдын алуу максатында Максим Горький көчөсүнөн күн чыгышты көздөй бара жаткан учурда Байтик Баатыр көчөсүнөн жол белгиси алынып, солго бурулууга уруксат берилген.
12-январдан баштап 5.15.2 жол белгиси кайра орнотулуп, айдоочулар Максим Горький көчөсүнөн күн чыгышты көздөй бара жаткан учурда, Байтик Баатыр көчөсүнөн солго бурула албайт", - деп билдирди ал.
Аталган көчөлөрдүн кесилишине "Коопсуз шаар" долбоорунун камералары орнотулган.




