Сузакта 27 жаштагы Сардорбек Арибжанов 1 айдан ашык убакыттан бери дайынсыз болууда



Жалал-Абадда 27 жаштагы Сардорбек Арибжанов 35 күндөн бери дайынсыз болуп изделүүдө. Облустук ички иштер башкармалыгынан ал үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келбегенин маалымдайт.
"Изделип жаткан жаран Сузак районунун Арал айылынын тургуну. Ал 2021-жылдын 8-декабрында саат 15:00 чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайра кайтып келген эмес. Учурда анын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайбыз", - деп айтылат билдирүүдө.
Белгилери: бою 165-170 сантиметр, ак жүздүү, кашы, көзү, чачы кара, орто дене түзүлүштө, сакалы бар.
Кийген кийимдери: үстүндө көк түстөгү жынсы күрмө, кара түстөгү жынсы шым, кара түстөгү кроссовки болгон.
Дайынсыз болуп жаткан Сардорбек Арибжанов тууралуу кандайдыр бир маалымат билгендер болсо, төмөнкү номерлер аркылуу кабар берсе болот.
Байланыш номерлери: 102, (03748) 5 02 09, 0778 15 15 91, 0550 31 31 22.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:06
2025-07-22
21:42
2025-07-22

21:03
2025-07-22

20:18
2025-07-22

Рейтинг:
0

Сакалына караганда!