Экс-президент Сооронбай Жээнбеков Рыспай Абдыкадыровдун 80 жылдык салтанатында көрүүчү болду








Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген артисти Рыспай Абдыкадыровдун 80 жылдыгына карата арналган "Жолугаарым билгенмин" аталышындагы иш-чара өттү.
Иш-чарада Рыспай Абдыкадыровдун басып өткөн жолу, чыгармачылыгы жана анын бүгүнкү күндөгү кыргыз музыкасынан алган орду, ролу баса белгиленди. Ошондой эле учурда Рыспай Абдыкадыровдун ырлары дүйнө кыдырып ырдалып жаткандыгы, анын ырларын улантып ырдап келе жаткан муундун өсүп келе жатканы сыймык менен айтылды.
Салтанатта Рыспай Абдыкадыров атындагы фонддун атынан Кыргыз Эл артисти Түгөлбай Казаковго 100 миң сом жана атайын статуэтка тапшырылды. Майрамдык салтанатта Рыспай Абдыкадыровдун обонунан жаралган ырлар жаңырып, коомчулук тарабынан жылуу кабыл алынды.
Салтанатка экс-президент Сооронбай Жээнбеков жана башка бир катар эл өкүлдөрү көрүүчү болушту.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
6

Комментарийлер(2)
Kuban-1207

13.01.2022. 10:32
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
Шариманды камаш керек болчу
URTI

13.01.2022. 12:47
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Kuban-1207, камап эмне кыласын? Сени да камаш керек ушул созун учун!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.