"Жакынкы күндөрү ундун баасы көтөрүлбөйт" дейт Тегирменчилер ассоциациясынын жетекчиси

Жакынкы күндөрү ундун баасы көтөрүлбөйт. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда маалымат жыйында Тегирменчилер ассоциациясынын жетекчиси Рустам Жунушов билдирди.
Ал журналисттердин “жакынкы убакта ун кымбаттоосу мүмкүнбү” деген суроолоруна азыр бааны кармоо үчүн бардык аракеттер көрүлүп жаткандыгын айтты.
“Бизге өткөн жылдын декабрь айында келген ундар бар. Азыр дагы алынып келүүдө. Жалпы 1,5 – 2 айлык ундун запасы бар өлкөдө. Учурда өлкөдө ун тартыштыгын алдын алуу үчүн бардык аракеттер көрүлүүдө. Ундун баасы кескин көтөрүлбөйт, негизи эле бааны туруктуу кармай алабыз деп азыр пландап жатабыз”, - деди Жунушов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:41
2025-07-22

12:08
2025-07-22

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.