ЖАМКнын кызмат учурунда каза болгон кызматкерлеринин балдарына стипендиялар берилди



Кызмат учурунда каза болгон Жазаларды аткаруу мамлекеттик мекемесинин кызматкерлеринин балдарына алгачкы стипендиялар берилди. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, алгачкы стипендиялар Жазаларды аткаруу кызматынын кызматтык милдетин аткарып жатып каза болгон кызматкерлеринин 10 баласына берилди.
"Ушул жылдын башынан тарта ЖАКнын кызматкерлеринин балдары мектепти аяктаганга чейин ай сайын 1000 сомдон стипендия алышат. Жаза аткаруу тутумунун кызматтык милдетин аткарып жатып каза болгон кызматкерлеринин үй-бүлө мүчөлөрүнө социалдык колдоо көрсөтүү долбоору кайрымдуулук жана коомдук фонддордун жардамы менен ишке ашырылууда", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:41
2025-07-22

12:08
2025-07-22

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.