Кыргыз-Казак мамлекеттик чек ара аймагы аркылуу жүк ташыган унаалардын тартиби өзгөрдү
Кыргыз-Казак мамлекеттик чек ара аймагы аркылуу жүк ташуу тартиби өзгөрдү. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 13-январь саат 18:00гө карата Кыргыз-Казак мамлекеттик чек ара аймагынан оор жүк ташуучу транспорт каражаттары COVID-19га байланыштуу болгон чектөөлөрдү эске алуу менен Кыргыз өлкөсүнүн "Ак-Тилек", "Чалдыбар" жана Талас облусундагы "Чоң-Капка" көзөмөл өткөрүү жайларынан өтө алышат.
Ал эми 13-январь саат 18:00гө карата Кыргыз-Казак мамлекеттик чек ара аймагындагы "Ак-Тилек", "Чалдыбар" жана "Чоң-Капка" көзөмөл өткөрүү жайларында жарандардын өтүүсүнө коюлган чектөөлөр:
- Кыргыз өлкөсүнүн жана чет өлкөлүк жарандарга Казакстандын аймагына кирүүгө убактылуу чектөө коюлду;
- Казакстандын аймагында жүргөн Кыргыз жана чет өлкөлүк жарандар жогоруда көрсөтүлгөн көзөмөл өткөрүү жайлары аркылуу кире алышат;
- Кыргыз өлкөсүнүн аймагында жүргөн Казакстандын жарандары жогоруда көрсөтүлгөн көзөмөл өткөрүү жайлары аркылуу чыга алышат.
Кыргыз мамлекетинин "Каркыра-авто жол" көзөмөл өткөрүү жайы төмөндөгүдөй чектөөлөр менен иш алып барууда.
Кыргыз жана чет өлкөлүк жарандарга Казакстандын аймагына кирүүгө убактылуу чектөө коюлду.
Кыргыз өлкөсүнүн аймагында жүргөн Казакстандын жарандары гана "Каркыра-авто жол" көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу чыга алышат.
Чек ара кызматы өткөрүү жайларынын иштөө тартиби кырдаалга жараша өзгөрүп турушу мүмкүн экендигин эскертет.


