super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Быйыл былтыркыга караганда мал арзан, бирок эттин баасы кымбат бойдон калууда" дейт окурман

 

SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Бишкек шаарынын тургуну кайрылды.

Окурман учурда мал арзан болгону менен эттин баасы кымбат болуп жатканын айтты.

"Мал базарларда былтыркыга салыштырмалуу быйыл мал арзан болууда. Ал эми эттин баасы арзандабай эле сатылууда. Эттин баасын арзандатышса болобу?

Былтыр 15 -17 миң сомго сатылчу койлор быйыл 12-14 миң сомго сатып алса болот. Уйлар болсо былтыркыга салыштырмалуу 8 миңден 12 миң сомго чейин арзандаган. Этти болсо 1 килограммын 450-490 сомго алабыз", - деди окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
14.01.2022. 08:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Туура айтат.Касаптар ынсаптан тайды.Аларга пополам пайда тушуш керек болуп жатат.40-50минге алат уйду.150кг*480=72000с болот.
14.01.2022. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Озубуздон чыкаан этти чет элден келгендей кымбаттатып жатышат.Мал арзан а бааны каалагандай которуп жатса,окмот аларга эч нерсе дей албай былтыйып отурат
14.01.2022. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бийликте 2 кузгун отурса...........
14.01.2022. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура маселе.менин ойумча ошол базарларда сатылып жаткан этердагы чоңдордун бизнесиби деп ойлоп кетем болбосо эмнеге мал арзан эт түшпөйт.чондор сарайларды мыйзамсыз сатып алып ошол сарайларга малдарды толтуруп багып базарга да ошолордун малдары сатылып жатабы деп ойлоймда.бул менин жеке ойум эти ченеп жесек жеп жебесек жок болуп калдык карапайым элди ойлогон эчким жок.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: