Гүлчөдө дайынсыз болуп жаткан 70 жаштагы аялдын кийимдери суу жээктен табылды
Ош облусунун Алай районунун Гүлчө айылында дайынсыз болуп изделип жаткан 70 жаштагы аялдын кийимдери суу жээктен табылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, Гүлчө айылынын тургуну Ү.Б. 12-январда үйүнөн чыгып кеткен.
"Ал ошондон бери дайынсыз болуп, жергиликтүү тургундар өз алдынча издөө иштерин жүргүзүшкөн. Аялдын кийимдери Гүлчө суусунун жээгинен табылган.
13-январь күнү издөө иштерине 5 куткаруучу, ИИМден 10 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 20 адам тартылып, саат 17:10дө издөө иштери убактылуу токтотулду. Натыйжа болгон жок, 14-январда издөө иштери улантылат", - дешет маалымат кызматынан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:41
2025-07-22

12:08
2025-07-22

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.