Өзбекстандын аэропортторунда жарандарга коронавируска карата экспресс-тест тапшыруу милдеттендирилди
Өзбекстандын аэропортторунда 15-январдан тарта жарандардан коронавируска карата экспресс-тест алынып баштайт. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмаларына шилтеме берүү менен РИА Новости жазып чыкты.
"Өлкөдө омикрон штаммы катталгандыгына байланыштуу аэропорттордо жарандардан коронавируска карата экспресс-тест алуу чечими киргизилди. Тесттин жыйынтыгы 15 мүнөттүн ичинде даяр болот жана баасы 5 долларды түзөт. Эгерде жарандан илдет аныкталса дароо обочолонууга жөнөтүлөт", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.