Казакстанда абактан бошотулган Кыргыз жарандары: Алар Казакстандын аймагында калышарын айтышты
Казакстандагы баш аламандыкта кармалган Закир Юбуров, Адан Хуров, Ильяс Мачо жана Абду-Рахим Жиншанло абактан кайра эле Казакстандын аймагында калышат. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Билдирүүгө ылайык, аталган Кыргыз жарандары көп жылдар бою Алматы шаарында эмгектенип, иштеп жүргөндүктөрү белгилүү болгон. Ушул себептен алар Казакстандын аймагында калышарын билдиришкен
Алар өз кезегинде ИИМине, Казакстандагы элчилигине ыраазычылык сөздөрүн билдиришкен.
“Дүйнө кайдыгер эмес, сезимтал, ар дайым жардам жана колдоо көрсөтүүгө даяр адамдарга кармалып турат. Сиздердин жардам өтө баалуу жана эч качан унутулбайт”, - деп белгилешкен алар.
Буга чейин Казакстандагы баш аламандыкта кармалган 4 Кыргыз жараны бошотулгандыгы кабарланган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:41
2025-07-22

12:08
2025-07-22

Рейтинг:
0

Калшаарын
Кыргыз паспортун алып алган уйгур-пуйгурлар гоо бир болсо...